Коронавирустан айыккандардын саны 650гө жетти

Окуялар тизмеги 08 Май 2020 10:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 6, Ош шаарынан 6 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 8-майга карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 906га жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.