Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 266 адамга жетти

Окуялар тизмеги 07 Май 2020 14:25
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 266 адамга жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус жуктурган 49 учур катталган. Ал эми 76 жаран айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

«Ар бир район жана шаарга эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 226 адам илдет жуктурса, 1 миң 577 жаран айыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.