Вице-мэр: Бишкекте бир нече сейил бак курулат

Окуялар тизмеги 06 Май 2020 16:35
0 ой-пикир

Быйыл Бишкекте бир нече сейил бак курулат Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Байтик Баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 10 гектар болгон сейил бактын курулушу жүрүүдө.

«Ал сейил бак «Балалык» деп аталат. Ал жерде 3 фонтан салынып, 900 бак-бадал тигилет. Жай айынын аягына чейин Манас менен Боталиев көчөсүндө аянты 7,5 гектар сейил бактын курулушу бүткөрүлөт. Анын аймагында волейбол, кичи футбол жаан баскетбол ойноо, скейт жана велосипед тебүү үчүн аянтчалар ж.б. болот. Азербайжандын элчилиги менен түзүлгөн «Гейдар Алиев атындагы сейил бактын курулушу боюнча кызматташуу тууралуу» меморандумду ишке ашыруунун алкагында Азербайжандын эсебинен шаардын түштүк бөлүгүндө аянты 5,5 гектар сейил бактын курулушу жүрүүдө. Анын аймагында фонтан, балдар аянтчалары болот», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.