Жээнбеков Өзбекстанда дамба жарылгандыгына байланыштуу Мирзиёевге колдоо сөздөрүн айтты

Окуялар тизмеги 04 Май 2020 14:38
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-майда, Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жээнбеков Өзбекстан Президентине Өзбекстан Республикасынын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле мамлекет башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.

Жээнбеков менен Мирзиёев татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.