1-Майды кантип майрамдаш керек?

Окуялар тизмеги, Статьялар 01 Май 2020 13:06
0 ой-пикир

1-май Кыргызстанда «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта белгиленет. Совет мезгилинде 1-май «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү» катары майрамдалып келген. Улам кийинки муундарга ал доордогу бул майрамдын тарыхый орду унутулуп бара жаткандай.

Бул жөн эле майрам эмес. Тарыхты карап көрсөк, жүз канча жыл мурун АКШда капитализмден эзилген эмгекчилердин демонстрацияга чыгып, сегиз сааттык жумуш күнүн, социалдык кепилдиктерди талап кылган күн. Бул адамзаттын күрөшү баарыбызга тийиштүү жана анын үзүрүн баарыбыз бүгүнкү күндө көрүп жатабыз.  

Ал эми Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыласкерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Совет мезгилинде бул жөрөлгө уланып, 1-май күнү мекеме-ишканалардын эмгекчилери катышкан шаңдуу демонстрациялар менен коштолуп, чоң салтанат менен майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат.

Бирок 1-май жаз майрамына айланып кеткендигин айрым саясатчылар жана серепчилер туура көрбөйт. Алар майрамдын өзүнүн түпкү тарыхый мамлекеттик маанисин кайтарып келүү, калыбына келтирүү керектигин айтышат. 1-май күнү карапайым эмгекчилер, алардын укуктары, өзгөчө жаштардын, аялдардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо жөнүндө маселелерди көтөрүү керектиги айтылат. Ар бир бизнесте, ар бир ишканада негизги капитал эмгек, эмгекчилер экенин билдирип, бийлик тарабынан эмгекчилердин укуктарын коргоо негизги приоритеттик милдетке айланыш керектиги белгиленет.

Учурдан пайдаланып, Elgezit.kg редакциясы Сиздерди жаркыраган жаздын май майрамы менен куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайт.

Майрамыңыздар менен, мекендештер!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.