Суракматов: Жаңы конуштарда абал кооптуу бойдон калууда

Окуялар тизмеги 30 Апр 2020 15:38
0 ой-пикир

Калктуу конуштарда абал кооптуу бойдон калууда, — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде.

Баш калаанын башчысынын айтуусуна караганда, Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаадагы 14 жаңы конуштун жашоочулары. 143 адам шаардык дарек боюнча жашайт, ал эми 38 адамдын каттосу башка аймактарда.

Турак жай конуштардын тизмеси жана коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны:

▪️Арча Бешик – 16
▪️Ак-Өргө – 3
▪️Көлмө – 7
▪️Ак Босого – 6
▪️Керамический – 2
▪️Ак-Ордо – 1
▪️Ынтымак – 1
▪️Кара Жыгач – 1
▪️Алтын Ордо – 1
▪️Көк Жар – 1
▪️Касым – 1
▪️Мурас Ордо – 1
▪️Тынчтык – 1
▪️Учкун – 1.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.