Депутаттар өкмөт башчыны парламентке келүүсүн талап кылышты

Окуялар тизмеги 30 Апр 2020 11:13
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш бүгүн, 30-апрелде өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу боюнча маселени кароодо. Күн тартибинде ошондой эле Өкмөттүн өзгөчө абал шартындагы антикризистик программасын талкулоо бар.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өкмөт башчынын жыйынга келбегени менен нааразы болду.

“Биз өкмөткө эки жума мурда тапшырма бергенбиз. Анын ичинде каржы маселелери боюнча да тапшырмалар бар эле. Так, түшүнүктүү кылып, айтылган. Келип бизге маалымат берсин”, — деди Масалиев.

Анын сунушун “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Кенжебек Бокоев жана башка депутаттар колдоого алышты.

Жыйынтыгында Премьер-министр баштаган өкмөт парламентке келе турган болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.