Айрым шаар-райондорго киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды

Окуялар тизмеги 30 Апр 2020 11:33
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 жарлыгын карап чыкты.

Алгач Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган жарлык тууралуу маалымат берди.

«Азыркы учурда өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруксуз деп мүнөздөлөт. Коронавирустук инфекциясы жуккан адамдар дагы эле табылууда, айрым жарандар ооруканаларда дарыланып жатат. Ушуга байланыштуу жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абалды дагы узартып туруу зарыл болууда”, — деди президенттин өкүлү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 8 чечимин эске алуу менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартуу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Ал эми Нарын шаарына, Ош облусунун Ноокат менен Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда киргизилген өзгөчө абал улантылбай турган болду.

Жыйынтыгында парламент “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 жарлыгын бекитип берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.