Унчукпоо дайым эле алтынга тете эмес же саясий партиялардын интеллектуалдык туңгуюгу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Апр 2020 22:17
0 ой-пикир

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн.

Карантин чаралары канчалык узакка созулса, ошончолук экономикага терс таасирин тийгизет. Бул формула дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнө тиешелүү. Ошондуктан бардык Өкмөттөр инфекция менен болушунча күрөшүп, жаңы толкунду болтурбоо аракеттерин көрүп, карантинден кийин ишке кирчү бизнестерди сактап калуу үчүн жол издешүүдө.

Даяр үлгү жок. Көпчүлүк экономикалык серепчилер келе жаткан масштабдуу кризис буга чейинки бир дагы кризиске окшобой турганын билдирип, анын тереңдигин айтуудан алыс болушууда. Тактап айтканда, абалды алдын ала айтышууда, бирок так жана даана сереп салгандар жокко эсе. Эл аралык финансылык институттардын бир гана божомолу окшош болууда десек болот, ал быйыл киши башына болгон киреше дүйнөнүн 170 өлкөсүндө азайышы тууралуу баалар.

Ал өлкөлөрдүн ичинде Кыргыз Республикасы дагы бар.

Учурда кыргыз Өкмөтүнүн стратегиясы инфекцияны  жайылышына жол бербөөгө багытталган. Ошондуктан өзгөчө абал киргизилип, олуттуу карантин чаралары көрүлүүдө. Эртеңки күн кандай болорун жана өлкөнүн карантинден кийинки абалы тууралуу Өкмөттөгү аткаминерлер кеп кылуудан алыс болууда. Алар бул абал саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы кемчиликтерди ачыктаганын айтуу менен гана чектелишүүдө. Бирок эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин бул тармактарда кандай иштер аткарылары тууралуу бир ооз дагы сөз айтылбай келет.

Өлкөнүн келечеги тууралуу Өкмөт гана эмес, башкалар дагы үн катыша элек.

Саясий партиялар дагы кандай кадамдарды жасоо керектигин билбей турушканы байкалууда. Бир дагы жаңы жана эски партия азырынча антикризистик программасын сунуштай элек жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн тиешелүү чаралардын планын даярдаган жок. Коронавирустан кийин өлкөдө саясий жана экономикалык абал кандай болорун билдире элек.

Учурда парламенттик демократиянын салмактуулугун, өлкөдөгү постпандемиялык кризистен чыгуунун жолдорун, жоопкерчилик парламентте, атап айтканда, саясий партияларда экенин көрсөтүүгө мезгил келбедиби. Партиялар учурда ал жоопкерчиликти моюндарына ала аларын иш жүзүндө даңазаласа болот. Популисттик эмес, интеллектуалдык жактан.

Албетте, балким партиялардын аналитикалык топтору стратегиялык документтин үстүнөн иштеп жаткан чыгар жана жакын арада кыргызстандыктар креативдүү идеяларга, чечимдерге күбө болуп, аны аткаруу бийлиги жүзөгө ашырып, кризисти өлкө мүмкүнчүлүк катары колдонуп калаттыр. Себеби азыр пиар тууралуу ойлонуп, саясий атаандаштар пландарыбызды уурдап алат деп тынчсызданчу маал эмес да.

“Темирди ысыгында чап” деген макал азыр актуалдуу болуп турган чагы. Себеби шайлоо кампаниясы башталганда көптөгөн саясатчылар кооз сүйлөп, бийликти сындап чыгышары бышык да. Мекенине азыртадан кам көрбөгөн партиялар “А сен өлкөң үчүн эмне кылдың?” деген суроого жооп таба албай калышы мүмкүн.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.