СИЗОдо отурган мурдагы өкмөт башчылар колонияга которулмай болду

Окуялар тизмеги 23 Апр 2020 09:18
0 ой-пикир

№1 тергөө абагында (СИЗО-1) отурган мурдагы өкмөт башчылар колонияга которулмай болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖАМКтын атайын комиссиясынын Бишкектин №1 тергөө абагындагы жыйыны 22-апрелде өттү. Анда жалпысынан 86 адамды бөлүштүрүү маселеси каралды.

Анын ичинде мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ААКтын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жаза өтөй турган жери аныкталды. Аларга карата Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанцияларынын айыптоочу өкүмү чыккан.

Комиссиянын чечими боюнча:

— Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияда;

— Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияда;

— Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөйт.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту экс-премьер Сапар Исаковду Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыптуу деп таап, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, 15 жылга кескен.

Соттун чечими менен «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга камоого өкүм кылынган.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилген.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган.

Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.