Михаил Саакашвилиге Украинанын вице-премьерлиги сунушталды

Окуялар тизмеги 23 Апр 2020 11:48
0 ой-пикир

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьер кызматына келери тууралуу маалыматтарды ырастады.

«Президент Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу — зор сыймык», деп жазды ал 22-апрелде «Фейсбуктагы» барагына.

Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал «зарыл өзгөрүүлөр тууралуу сунуштарын» парламентке тааныштырууну көздөп жатканын кошумчалады.

Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын төрагасынын орун басары Евгения Кравчук Саакашвили 24-апрелдеги отурумга келиши мүмкүн экенин «Настоящее время» телеканалына билдирди.

52 жаштагы Саакашвили губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы украин президенти Петр Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.