Кары адамдарды мындай кырдаалда кароосуз калтырбай, аларга көмөктөшүүгө чакырам, — Жеңиш Жоробеков

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 18:05
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

«Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 21-апрелинен 22-апрелге караган бир күн ичинде областтын аймагында баары болуп – 21 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 2038 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 7 атуул, ал эми Сузак районунан – 5 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде
жалпы – 129 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 144 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасады
“Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакыруу менен учурдун талабы биз карыларга, аксакал аталарга, ак элечек апаларга кам көрүүбүз зарыл. Аларды мындай кырдаалда кароосуз калтырбай, аларга көмөктөшүүгө чакырам. Бул багытта мамлекет, жергиликтүү бийлик жана комендатура да толук кандуу иш алып барууда, “Карысы бардын – ырысы бар” — деди Ж.Жоробеков.
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.