Сыноону бекем тартип менен жеңебиз! ИИМдин кайрылуусу

Окуялар тизмеги 19 Апр 2020 21:02
0 ой-пикир

2020-жылдын 19-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 91 жаран жеткирилип, 4 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 57,
Жалал-Абад шаары боюнча – 4,
Ош шаары боюнча-8,
Нарын шаары -6,
Ноокат району -1
Сузак району 12
Кара-Суу району боюнча -3.

Ал эми Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2889 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

«Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары! Өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек — бул ар бирибиздин — Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз!».

ИИМдин басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.