ВИДЕО: Баласына зомбулук көрсөткөн ата элге кайрылып, кечирим сурады

Окуялар тизмеги 18 Апр 2020 11:17
0 ой-пикир

Атасы баласын сабап жаткан видео социалдык тармактарда кеңири тарап, коомчулуктун катуу сынына кабылган. ИИМ көргөн ыкчам чаралардын негизинде видеодо өзүнүн баласын сабап жаткан адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган 35 жаштагы Ж.Э. экени аныкталган. Ал жубайы (33 жашта) жана үй-бүлөсү менен бирге 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкени аныкталган.

Министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү аны кармоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылган эле.

Андан аз өтпөй интернетке “сабалаган баланын ата-энеси элге кайрылды” дагы бир видео тараган. Ал видеодо тартып жаткан киши баланын ата-энеси деп бир аялды жана бир эркек кишини тартып: “Ассалому алейкум кыргыз элим! Жок нерсени чоң кылып ким интеретке чыгарып жиберди? Баланын атасы, апасы жакшынакай эле урушпай эле жакшы жүрүшөт. Болбогон нерсени бирөөлөр чыгарып жиберишиптир. Небере жакшы. Карантинде бирөөнүн айыбын таппай, видеону өчүрүп коёсуздар ээ?”, -дегенин угууга болот.

Бүгүн интернет айдыңында дагы бир видео тарап, андан ата-энесинен сырткары баланын өзү жана атасынын туугандары да бар экенин байкоого болот. Туугандары бул үй-бүлөнү ынтымактуу жашап жатканын түшүндүргөнгө аракет кылган. Ал эми баланын ата-энеси окуя тууралуу айтып беришкен. Ошондой эле, атасы уулунан кечирим сураган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.