Бишкектин коменданты Пасханын алдында шаардыктарга кайрылды

Окуялар тизмеги 18 Апр 2020 15:14
0 ой-пикир

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев Пасха майрамын алдында шаардыктарга кайрылды.

Кайрылууда ал майрамды белгилегендерди карантиндин бардык талаптарын так аткарууга чакырды.

“Эртең Пасха майрамы. Бул дүйнө жүзүндөгү христиандардын эң чон майрамы болуп эсептелет. Баарыңарды куттуктайм. Түшүнөм, баарыңар майрамдагыңар келип жатат. Бирок, коронавирус илдетин эске алып, колдон келишинче бардык талаптарды эске алып, жакындарыңардын коопсуздугун эске алууну суранам”, -деди комендант.

Эртең 18-апрелде Кыргызстанда православ христиандары Пасха майрамы белгиленет. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.