Комендант Жоробеков: “Жаздын бир күнү – жылга тете”

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 17:27
0 ой-пикир

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болууда.

2020-жылдын 15-апрелинен 16-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 24 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы – 1343 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 3 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 59 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 88 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Брифингтин соңунда элге кайрылуу жасап, – “Жаз жарыш күз күрөш”, ” жаздын бир күнү жылга тете” – демекчи айыл- чарба иштери токтобош керек, а эл эми комендатура дыйкан жана фермерлерге чарба техникаларынын тоскоолсуз өтүшүнө көмөктөшүүдөбүз.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантурасынын
басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.