Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароону тапшырды

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 08:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу 15-апрель күнү жалпы отурумунда токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, парламент өкмөттү жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, коронавирустун жайылып кетишинин алдын алууда иштеп жаткан медицина, күч, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого жана аларга бөлүнгөн сый акы, кенемте акыларын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага кызматтан бошотулган саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Токтомго ылайык, башкы көзөмөл органына коронавирустун жайылып кетишине жол берген бардык тараптардын, анын ичинде өкмөт башчынын да жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилди.

Мындан тышкары, токтомго ылайык өкмөт валюталык инфляциянын социалдык-экономикалык кесепеттерин азайтуудагы антикризистик программа иштеп чыгып, парламенттин кароосуна алып келүүгө тийиш. Ошондой эле жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпай, дыйкандарга жана фермерлерге ар тараптан жардам берүүгө, өзгөчө кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлердин жана күч кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Парламенттин токтому боюнча өкмөт убада берилген акчалай сый акыларды кечиктирбей төлөп берүүгө, азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүүгө, эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден жана жергиликтүү уюмдардан түшүп жаткан акча каражаттарын максаттуу жумшоого тийиш.

Өзгөчө абалдын талаптарына жооп берген ишканалардын ишине тоскоолдук кылбоо Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын комендатураларына тапшырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов токтомдун жетекчилердин жоопкерчилиги тууралу бөлүмдү карап чыгууну өтүндү:

«Коронавирус экономикасы күчтүү мамлекеттерди да ала салдырып жатат. Кыргызстанда айрым өлкөлөргө караганда абал кыйла жакшы. Саламаттык сактоо министрлиги колунан келишинче аракет кылып, вируска каршы күрөштү. Андай болбосо, бүгүн «7-8 миң кишиден оору табылды» деп отурмакпыз. Азыр эми иштеп жаткан кызматкерлерди токтом менен колго чапсак, алар иштегиси келбей калат, андай маанай азыр деле болуп жатат».

Буга байланыштуу айрым депутаттардын сунушу менен токтомдун бул бөлүмү өзүнчө добушка коюлду.

Жыйынтыгында баары бир депутаттардын колдоосун тапты. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.