Кара-Сууда уулунан коронавирус жуктурган эне каза болдубу? Коменданттын жообу

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 16:34
0 ой-пикир

Ош облусунун Кара-Суу районунда уулунан коронавирус жуктурган эне каза болду деген маалыматтын чын төгүнүн «Турмуш» сайты тактаган.

Маалыматка караганда, Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн брифинг учурунда бул маалыматтын чоо-жайын айтып берген.

Суроо: — Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында бир жигит Испаниядан келгенин жашырып койгон. Анда илдет болгондуктан апасына жугуп, апасы каза болуптур деген аудиомаалыматтар WhatsApp аркылуу тарап жатат. Ушул боюнча жооп берип коесузбу?

М.Нурдинов: — Ал жигит жогорку окуу жайларда жетекчилик кызматта иштейт экен. Булар жалпы бир окууга барышып, 1-мартта келишкен. Келгендер боюнча маалымат жашырылганбы, жашырылган эмеспи толук кандуу иликтөө жүрүп жатат. Ал жигиттин апасы каза болгону анык. Куран окутулган, көп киши барган эмес. 100-120 киши барган. Алардын баары бүгүнкү күндө анализ тапшырган. Көчөлөрдүн баары дезинфекциядан өткөн. Биз азыр тергөө иштерин да кошо улантып жатабыз.

Ооруну жаап-жашыруу – бул чыккынчылык. Эгер биз жаап-жашырганын аныктасак, ошол жарандын абалы мурунку калыбына келгенде гана мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Ооруп жатканда жоопкерчиликке тартат деген маселе жок. Бул жаран менен бет маңдай отуруп, тергөөчү сурап жатат деген да сөз жок. Аралыктан гана качан учуп келгени, жумушка качан барганы боюнча суралган. Бул кишилер бүгүн обсервацияда. Башка айылдагылар кыжалат болбой эле койсо болот. Анткени баары укук коргоо жана медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Кийинчерээк Оштун комендатурасынан эненин эмнеден улам көз жумганы так билине электигин билдиришкен. Анын чет өлкөдөн кайтып келген уулу обсервацияда кармалып жаткандыгын, азырынча анын коронавируска карата анализинин жыйынтыгы чыга электигин кошумчалашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.