Англияда коронавирус жуккан тесттер табылды

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 09:22
0 ой-пикир

Социалдык тармактардын айдыңында Англияда коронавирус жуккан тесттер табылганы кызуу талкууланууда.

Теманын актуалдыгынын эске алуу менен, ПолитКлиника сайты жүргүзгөн фактчекти жарыялайбыз.

Telegraph Британиялык гезитинин маалымат боюнча, чет өлкөдөн буйрутма берилген тесттердин негизги компонеттеринде коронавирус табылган. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык лабораторияларына маалымат берилген.

“Улуу Британия массалык тестирлөөнү тездетүү үчүн жеке менчик компанияларга миңдеген тест комплекттерин чыгаруу боюнча кайрылган.

Люксембургдагы Eurofins компаниясы Улуу Британиянын өкмөттүк лабораторияларына зонддор жана праймерлер деп аталган негизги компоненттерде коронавирус болгонун жана комплекттерди жеткирүү кечиктирилип калаарын эскерткен. Бирок, тесттерге вирус кандайча кирип калганы белгисиз”, — деп айтылат маалыматта.

Evening standard гезити Улуу Британияга жөнөтүлгөн тест-шаймандардан коронавирус чыкканы аныкталды деген маалымат берген.

“Британиянын өкмөтү апрелдин аягынан тартып тестирлөөнү күнүнө 25 миңге чейин көтөрүүнү көздөп жаткандыгын айтып, жеке компаниялардан тесттердин өндүрүшүн көбөйтүүгө жардам сураган. Бирок Люксембургда жайгашкан Eurofins өндүрүш ишканасы, Улуу Британиянын лабораторияларына тесттерге коронавирус жукканына байланыштуу тесттерди жеткирүү кечеңдетилет деп билдирди” деп айтылат маалыматта.

Бирок, Улуу Британиянын саламттыкты сактоо департаментинин расмий сайтында азырынча бул тууралуу расмий маалымат жок.

Жыйынтык: Англияда тесттерден коронавирус чыкканы чын. Бирок алар лабораторияларга түшүп, колдонулган эмес.

Булак: ПолитКлиника медиа

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.