Өзгөчө абал: ЖМКларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгуу сунушталды

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 14:48
0 ой-пикир

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу президентик Аппараттин маалыматтык саясат бөлүмү Республикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.

Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз.

Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.

Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.