Жээнбеков: Маалымат каражаттарын «өз-жат» деп бөлүүгө болбойт

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 17:39
0 ой-пикир

Абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков 13-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, учурдагы кооптуу абалды чагылдырууда маалымат каражаттарына бирдей мамиле кылууга чакырды, деп жазды «Азаттык».

«Азыркы экономикалык оор кесепеттерди алып келүүчү кыйын кырдаалда сиз эл аралык каржы уюмдарына кайрылып, жардам сурап жатасыз. Алардан сураган жардамды алууга үмүттөнүш үчүн демократиялык принциптерди сактоо талап кылынат. Ал эми демократиялык өлкөдө маалымат каражаттары «өз», «жат» деп бөлүнбөйт, алардын баарына абалды чагылдырууга бирдей укук берилет. Ички иштер министрлиги маалымат каражаттарына тең укукта карап, бардыгына учурдагы өзгөчө абалды чагылдырууга бирдей шарт түзүп берүүгө тийиш. ИИМге мындай көрсөтмөнү, сиз, президент беришиңиз керек», деп жазган ал өз кайрылуусунда.

Саясатчы эркин маалымат каражаттары коомчулукта альтернативалуу пикир жаратарын, коррупция жана башка мыйзамсыз аракеттер менен күрөшүүдө жардам берерин, зарылчылык болсо бийликтин ишин да сындап чыгарын белгилеген.

«Эркин медиа бийликке аткаминерлер көрбөй жаткан маселелерди ачып, көрсөтүүгө көмөктөшөт, элге так маалыматтарды жеткирет», деп айтылган кайрылууда.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.