COVID-19: Казак бийлиги жумушсуз калгандарга 42500 теңгеден төлөп берди

Окуялар тизмеги 13 Апр 2020 15:07
0 ой-пикир

Казакстанда өзгөчө абал мезгилинде 1 миллион 779 жаран жөлөк пул катары 42 500 теңгеден (7750 сом) алышты. Бул тууралуу өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн жалпысынан 4 миллион 900 миң киши арыз менен кайрылган.

«Биз кайрылуулардын ар бирин текшерүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анткени алардын 1 миллион 200 миңге жакыны бири-бирин кайталайт. Чыныгы адамдардын саны 3 миллион 700. Арыздарда каталар көп, көпчүлүгү жеке идентификациялык номурларын, банк эсептерин туура эмес көрсөтүшкөн. Мындайлардын саны 150 миңге жакын», — деди министр.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда 973 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 11и каза болуп, 99 киши айыкты

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.