Текебаев: «Колдо бар алтындын баркы жок»

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 08:55
0 ой-пикир

Өмүрбек Текебаев коронавирустан улам карантинде отурган кыргызстандыктарга кайрылды.

Кайрылууда төмөнкүлөргө токтолгон:

  1. Карантиндин эрежелерин кынтыксыз аткаралы.
  2. Массалык тестирлеп коронавирус жуккан адамдарды эрте аныктап, аларды эрте дарылайлы.
  3. Коронавирустан айыктыра турган дары-дармектер менен Өкмөт тез арада камсыздоосу керек.
  4. Коронавирус жугуп, оорусу өтүшүп кеткен адамдарды аман алып калыш үчүн Өкмөт тез арада жасалма дем алдыруучу аппараттарды (1000 даанадан кем эмес) алып келиши керек.
  5. Мамалекет муктаж болгон үй-бүлөлөрдү негизги азык-түлүктөр менен карантин бүткөнгө чейин бекер камсыздашы зарыл.
  6. Өкмөт тез аранын ичинде иш пландарын түзүп, алардын аткарылышы боюнча маалыматты элге жеткирип туруусу абзел.

Булак: Жалбырак

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.