Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 800дөн ашты

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 09:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-апрелге карата Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 802 адамга жетти. Сутка ичинде дагы 21 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Батыш Казакстан облусунда 2 адам, Мангистау облусунда 2 адам, Кызыл-Ордо облусунда 4 адам, Атырау облусунда 3 адам, Шымкент шаарында 4 адам, Акмола облусунда 1 адам, Караганда облусунда 4 адам жана Нур-Султан шаарында 1 адам вирусту жугузуп алган.

Бейтаптардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында катталган. Жалпы коронавирустан 9 адам көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.