Карантиндеги зомбулук. Ат-Башыда зөөкүр күйөө аялын таш менен башын жара чапкан

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 17:55
0 ой-пикир

Нарын облусунун Ат-Башы районунда күйөөсү аялын атууга аракет кылып, болбогондо таш менен башын жара чапкан. Бул тууралуу «Теңдеш» кризистик борборуна таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аял февраль айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча борборго жардам сурап кайрылган. Ал алыска жүк ташып иштеген күйөөсү такай кол көтөрүп, сабай турганын айтып, ажырашууну чечкенин билдирген.

«Жактоочудан кеп-кеңеш алган аял ажырашуу үчүн сотко кайрылган. Бирок күйөөсү ажырашуудан баш тарткан. Соттук отурум белгиленип, бирок жолдошу келбей койгондуктан, отурум май айынын башына жылдырылган. Бул убакыт ичинде күйөөсү аялын көчөдөн кармап алып, бычак менен коркутуп, арызын албаса, өлтүрүп таштарын айтып, бир нече ирет сабаган. Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. Милиция зөкүр кармаган, ал эми сот өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, кое берип жиберген,» — деп билдиришкен кризистик борбордон.

Эркиндикке чыккан күйөө 8-апрель күнү аялын аңдып туруп кармап алган.

«Аялдын жанында 5 жаштагы кызы болгон. Күйөөсүндө мылтык болгон. Кайым айтышуу башталган. Жолдошу аялына ок чыгарууга аракет кылган, бирок болгон эмес. Мындан улам, ал аялын таш менен башка чапкылап баштаган.  Ызы-чууну уккан туугандары чыга калганда, күйөөсү качып кеткен. Азыр ал колу, мурду сынып жана башка жаракаттары менен ооруканада. Абалы орточо оор. Күйөөсү али күнчө табыла элек», -деп билдиришкен борбордон

Басылманын маалыматына караганда, тергөө жүрүп жатат, бирок эмнегедир шектүүнү кармаша элек. Аялдын үй-бүлөсү коркунучта экени айтылат. Мындан улам, «Теңдеш» кризистик борбору Нарын облустук ИИБинен жана облустук прокуратурадан шектүүнү табууга жардам сурайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.