Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнөн кабарлашты.
31-март күнү саат 15:00дөр чамасында жубайлар уруша кетишип, аялы ашканадагы бычак менен күйөөсүнүн төш жагына сайган. Эркек киши алган жаратынан улам ооруканага жетпей жан берген.
Аталган факт райондук ИИБге каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Адам өлтүрүүгө шектелип 1973-жылы туулган З.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул үй-бүлө 4 баланы тарбиялап келишкен. Экөө Россияда иштеп жүрсө, эки өспүрүм ата-энесинин колунда болчу. Ата-энелерсиз калган жаш балдарды туугандары алып кетишти.