Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 472 адамга жетти

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 13:40
0 ой-пикир

Өзбекстанда бүгүн, 7-апрель саат 10.00гө карата COVID-19 коронавирустук инфекциясы дагы 15 адамда аныкталып, жуктуруп алгандардын саны 472 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жаңы катталган учурлар чет өлкөдөн келгендерден жана стационарда карантинде жаткан жарандардан, ошондой эле алар менен байланышта болгондордон аныкталган.

Өлкө боюнча коронавирустан 30 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта Франциядан келген жарандан катталган. 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салынат.

6-апрелден баштап Өзбекстандын Ташкент, Нукус шаарларында жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими киргизилген. 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.