Кыргызстанда коронавирус жугузуп, ооруканада каза тапкан экинчи адамдын жаназасына жалпы ондон ашпаган адам катышты. Бул тууралуу Ош облустук комендатурасынан билдиришти.
Маркум Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндө жашаганы айтылат.
«Маркумдун сөөгү 5-апрель күнү, жерге берилди. Аны туугандары жана жергиликтүү бийликтен жалпы 10дон ашпаган адам сапарга узатты. Ислам дининдеги салттык үрп-адат сакталып, жууп кепиндөө иштерин дарыгерлер жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздук чаралары көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-апрелде илдеттен алгачкы бир адам каза тапкан. Бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти