«Жардам» штабы кошумча WhatsApp номерин ишке киргизди

Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 16:48
1 ой-пикир

Жардамга муктаж элдин кайрылуусу көбөйгөндөн улам жардам штабы кошумча WhatsApp номерин ишке киргизди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «1227» ыкчам байланыш номерине өлкөнүн бардык аймактарынан чалуулар келип түшүүдө, тактап айтканда саат 09:00дөн 18:00гө чейин 20 миңден ашык чалуулар болууда. Бүгүнкү күндө штабдын чалууларды кабыл алуу бөлүмүндө 7 оператор иш алып барууда.

«Көптөгөн жарандар азык-түлүк катары берилген жардамга билдирүү калтыруу үчүн бизге чала албай жатабыз деп даттанууда. Даттанууларын эске алып операторлордун санын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Алсак, кечээ күндөн баштап жардам штабынын WhatsApp номери ишке кирди. 0558 52 60 01 номерине жарандар жазуу түрүндө (чалууга болбойт) билдирүү калтыра алат», — деп айтылат маалыматта.

Жардамды алуу үчүн WhatsApp соцтармакка 0558 52 60 01 номери аркылуу төмөнкү тартипте билдирүү калтырса болот:

Аты-жөнү:

Жашаган жеринин так дареги:

Телефон номери:

Социалдык абалы:

Үй-бүлөдө канча адам бар:

Эскерте кетсек, калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлгөн. Жардам алуу үчүн «1227» түз байланыш номерине чалып кайрылса болот (чалуу акысыз).

«Жардам» штабы кошумча WhatsApp номерин ишке киргизди” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Барыкбаева Нуриза Тариелбековна

    Саламатсызбы ?сиздерден жардам сурайбыз продуктадан, торт балабыз бар жана боюмда бар ,озубуз квартирада туурабыз ,сиздерден жардам кутобуз?

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.