Журналист Элнура Кулуева Фейсбуктагы баракчасына «Сузакта врач пневмониядан каза болду дейт» деген билдирүү жазып чыккан.
Коронавируска каршы Республикалык штабдан бул маалымат чындыкка туура келбей турганын белгилөө менен жакын арада расмий билдирүү таркатарын жарыялады.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов бүгүн коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин билдирген.
Министр учурда дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.
Учурда Кыргызстанда коронавирус менен тогуз медицина кызматкери жуктуруп алган. Жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.