Казакстанда коронавирустан алтынчы адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды жазды.
Маалыматка караганда, Шымкент калаасында коронавирустан бир бейтап каза болду. Ал 1964-жылы туулган.
Илдеттин алгачкы курмандыгы 64 жаштагы аял болгон. Акмоло облусунун тургуну 26-мартта Нур-Султандын ооруканасында жан берген. Ал эми 31-мартта «бир айдай ооруп жаткан» 50 жаштагы эркек, 1-апрелде Караганданын 62 жаштагы тургуну каза тапкан. Кечээ, Түркстан облусунда 1956-жылкы пенсионер көз жумган.
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 551ге жетти.