ИИМ: Он күндүн ичинде жети бала жанын кыйды

Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 18:31
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18-марттан 28-мартка чейин жети бала жанын кыйган. Милиция бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

ИИМдин маалыматына ылайык, 12-16 жаштагы жети баланын экөө Тоң районунан, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунан бирден жана Чүйдүн Ысык-Ата районунан эки бала өз жанын кыйган. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр атасы же апасы жок үй-бүлөдө өскөн. Айрымдарынын ата-энеси миграцияда жүрөт.

Милиция карантин учурунда ата-энелерге кайрылып, күч кызматкерлеринин иши кырдаалга жараша көп болуп жатканын белгилеп, балдарга үйдө көз салууга чакырат. ИИМ балдар менен иштөөдө, анын тарбиясында ата-эненин ролу чоң экенин белгилеп, депрессиянын белгиси бар өспүрүмдөр менен туура иштөө керек экенин билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.