Министрлик: Эртеңден баштап телеканалдарда сабактардын жүгүртмөсү көрсөтүлө баштайт

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 14:52
0 ой-пикир

Эртеңден баштап сабактарды онлайн режиминде көрсөтө турган телеканалдарда сабактардын жүгүртмөсү көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын пикиринде, сабактардын жүгүртмөсү түзүлүп, бир-эки жери оңдолуп жатат.

«Эртең, 5-апрелде эртең менен телеканалдарда онлайн режиминде көрсөтүлө турган сабактардын жүгүртмөсү жарыялана баштайт», — дейт министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү мекемелери дистанттык түрдө билим берүүгө өткөн.

Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144 кишиге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.