Коменданттык саат учурунда тартип бузган 159 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 10:27
0 ой-пикир

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 159 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаары боюнча — 150, Ош шаары боюнча — 4, Жалал-Абад шаары — 1, Сузак районунда — 4, Кара-Суу районунда — 1 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1765 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.