Казакстанда коронавирустан 4 адам каза болду

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 16:48
0 ой-пикир

Казакстанда коронавирусту жугузуп алгандардын төртүнчүсү каза болду. Маркум Түркстан облусунун Жетисай районунун тургуну, 1956-жылы туулган пенсионер болгон.

Ал Алматы шаарына жана Алматы облусунда бир айга жакын жүрүп, үйүнө 15-мартта кайтып келген.

«26-мартта ал өзүн жаман сезе баштаган. Дене табы көтөрүлгөн. Бирок Алматыдан келгенин жашырып айткан эмес. Дарыгерлер анын коронавирус жугузуп алганын тест аркылуу аныкташкан. 29-мартта ал ооруканага жаткырылган. Өпкөсү кагынып, дем алуу органдары жабыркаган. Мындан тышкары өнөкөт кант диабети да болгон. Бардык анализдер алынып, дарыланып жаткан. Тилекке каршы, абалы начарлап бүгүн эртең менен каза тапты», — деп билдирди 4-апрелде Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгы.

Маалыматта анын 25 адам менен өтө жакын байланышта болгону айтылат. Мындан тышкары ага жолуккан 40 адам аныкталган.

Казакстандын бул облусунда коронавирус 23 адамга жуккан. Булардын баары бири-бири менен байланышта болгону айтылууда.

Казакстанда коровирустун алгачкы курмандыгы 64 жаштагы аял болгон. Акмоло облусунун тургуну 26-мартта Нур-Султандын ооруканасында жан берген. Ал эми 31-мартта «бир айдай ооруп жаткан» 50 жаштагы эркек, 1-апрелде Караганданын 62 жаштагы тургуну каза тапканы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.