COVID-19. Кыргызстан — 144 киши

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 10:44
0 ой-пикир

Кыргызстанда 4-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти.

«Жаңы катталган 14 учурдун ичинен Бишкек шаарында — 1, Ош облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Жалал-Абад облусунда — 6 адам бар. Беш учур сырттан келген, калган тогузу алар менен байланышта болгондор», — деп кошумчалады Мамбетов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.