Ара жолдо калган кыргыздарга ким жардам берет?

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 12:04
0 ой-пикир

Кыргызстандын алты жараны Россиянын Новосибирск шаарынын аэропортунан чыга албай жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жүргүнчүлөрдүн бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран билдирди.

Анын айтымында, алты кыргызстандык 26-мартта Новосибирскке Вьетнамдын Нячанг шаарынан учуп келип, 27-мартта Бишкекке учмак. Бирок аба каттамдары токтогондуктан аэропорттун транзиттик зонасында калышкан.

Транзиттик зонадан чыгууга уруксат алып беришсе Новосибирсктин мейманканасына өз алдынча чыга турганын айткан Осмоналиев аэропорттун ичи суук болгондуктан бир мекендешин “Тез жардам” менен шаарга алып кетишкенин кошумчалаган:

«Башында консулдуктан тамак-аш келип жаткан, азыр келбей калды. Кечээ бул жер суук болгондуктан бир балабыздын эти ысып, Новосибирсктин Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып кетишти. Коронавируска текшерсе, таза чыкты. Суук тийиптир. Бизге качан учак болот, белгисиз. Кыргызстандын консулу аэропорттун жетекчилиги жана Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айткан, бирок жыйынтык жок».

Осмоналиев Вьетнамга иш боюнча барып, кайтып келе жатканын, транзиттик зонадагы алты кыргызстандыктын жаш курагы 30дун тегерегинде, бир кыз, беш эркек жаран экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, 3-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб Новосибирсктин «Толмачево» аэропортунда Кыргызстанга авиакаттам күтүп жаткан 132 кишини ошол жактын мейманканаларына убактылуу жайгаштырылганын кабарлаган. Кыргызстанга чартердик рейс уюштуруу маселеси жакын арада чечилгени жатканын билдирген.

2020-жылдын 31-мартынан саат 20.00дөн тартып Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилип, белгилүү категориядан башкасын кошпогондо, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.