Өзгөчө абал эрежесин бузгандарды жазага тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 10:19
0 ой-пикир

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө абал режиминде коменданттык саатты бузган жарандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Кылмыш, Жоруктар жана Бузуу жөнүндөгү кодекстерге өзгөртүү киргизилди. 1-апрелде Жогорку Кеңеш ал мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, ал адамдардын жапырт оору жуктуруп алуусуна алып келген учурларда жашы жете электерге 120 миң сомдон 140 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынат же 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн чоңдорго 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынат же 2,5-5 жылга эркинен ажыратылат.

Буга чейин Бишкектин комендатурасы коменданттык сааттын эрежесин бузгандарга айып пул салынарын, республикалык штаб өзгөчө абал режимин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартыларын кабарлаган.

Бирок 1-апрелде ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов өзгөчө абал режими киргизилгенден бери бир дагы адамга айып пул салынбаганын, буга жаңы кодекстерде өзгөчө абал эрежесин бузгандарды жазалоо тууралуу нормалардын жоктугу себеп болгонун билдирген.

Эске сала кетсек, күн мурун, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталган болчу. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.