Милиция коменданттык саатта сойкуларды ташып жүргөнү калп — ИИМ

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 12:38
0 ой-пикир

Кечээ, 1-апрелде айрым маалымат каражаттары Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери коменданттык саат учурунда унаа менен сойку кыздарды ташып бараткан жеринен кармалды деген маалыматты жарыялашкан.

Бул маалымат боюнча Ички иштер министрлиги расмий билдирүү жасады.

«Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери өзүнүн жеке унаасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы тарабынан токтотулган. Коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн учурда кызматкерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Айрым маалымат каражаттарына жарыяланган «милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн» деген маалымат калп», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.