Кыргызстанда коронавирус жуктурган жарандардын бешөөсү реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Мамбетов белгилегендей, алардын ичинен Ноокат районундагы аймактык ооруканада 2 адам, Ош облустук ооруканасында 2 жана Жалал-Абад облустук ооруканада 1 киши жатат.
«Алардын ичинен 2 адамдын абалы өтө оор. Алар жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда», — деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган 5 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.