Бүгүн, 2-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежесин бузган 99 адам кармалып, 7 автоунаа айып короого токтотулду, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. Саат 20:00дөн 07:00гө чейинки текшерүүлөр Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.
Кармалган жарандардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча 82;
• Ош шаары боюнча 8;
• Жалал-Абад шаарында 3;
• Сузак районунда 4;
• Кара-Суу районунда 2 адам бар.
Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар болгон эмес.
Аймактык милиция пункттарына жеткирилген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулду. Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан тарта 3 шаар жана 3 райондо 1489 адам кармалган.