Комендатура: унааларга өткөрмөнүн электрондук түрү бериле баштайт

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 10:50
0 ой-пикир

Өзгөчө абал учурунда унаа каражаттарына ураксат кагаздарын алуу үчүн онлайн система иштей баштады.

Электрондук өткөрмөлөр Бишкек шаары боюнча коменданттык саат учурунда жүрүүгө уруксат берет.

Арыз берүү үчүн максатты жана убакыт-саатын көрсөтүүү менен тийиштүү документтерин тиркеп, ресурста көрсөтүлгөн электрондук форманы толтуруу керек.

Нускамага ылайык тастыктоочу документтерди арызга сөзсүз тиркеш керек. Эгерде белгилүү бир ишмердүүлүк унаа каражатында айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, ресурска жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл. Арыз толтуруунун нускамасы:

Арыз 24 сааттын ичинде каралат. Арыздын статусу (каралууда, жактырылды, жактырылган жок) толтурулган форманын баракчасына чыгат. Арыз жазылган жана электрондук уруксат көрсөтүлгөн бетти жоготуп албоо үчүн, шилтемени көчүрүп алыңыз же QR-кодун жүктөп алыңыз.

Жактырылгандан кийин арыз берүүчү өзүнүн уруксатын QR-коду менен кошо басып чыгарып, уруксат берилген унаанын маңдайкы терезесине чаптап коюу керек (же жанында алып жүрүшү керек). Анын түп нуска экендиги ыйгарым кызматкерлер тарабынан каалаган смартфондо QR-код аркылуу текшерилет.

Онлайн система https://1312.tunduk.kg/ шилтемеси боюнча иштейт.

Эгерде суроолор жаралса, 1312 номери боюнча комендатуранын колл-борборуна кайрылса болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.