Бишкекте жасалма өткөрмө баракчалары пайда болду (фото)

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 11:32
0 ой-пикир

Бишкекте жасалма өткөрмө кагазы менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык комендатуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен Land Rover автоунаасын башкарган 32 жаштагы Д.Н., аттуу жаран текшерүү үчүн токтотулган. Унаанын маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүнкүнчүлүк берген уруксат кагазы болгон. Кылдат текшерүүгө алууда өткөрмө кагазы жасалма болгондугу аныкталган.

Бардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесине ылайык (документтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.