Баткен облусуна өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 12:15
0 ой-пикир

Баткен облусуна коомдук бирикмелердин бири тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Баасы 23 миң доллар турган өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө орнотулду.

Дарыгерлердин айтымында, облустук ооруканада мындай 9 аппарат бар. Бүгүнкү орнотулган заманбап жабдуу оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоого зор салым кошту.

«Мындан сырткары дарыгерлер үчүн 150 миң сомго көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу каражаттар, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй-бүлөгө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар берилди», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска чалдыккандар үчүн колдонулуучу 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар экенин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.