«Ак Кемедеги» обсервациядан эч ким секирип качкан жок, — Бишкек комендатурасы

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 08:33
0 ой-пикир

«Ак Кемедеги» обсервациядан эч ким секирип качкан жок, — деп кабарлашты Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүү керектигин милициядан суранган.

«Парламентарий «Ак-Кемедеги» обсервациядагы жарандар тордон секирип жаткандыгын белгилеген эле. Обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартип камсыздалууда. «Ак-Кемеде» жайгашкан обсервациядагы жыйырма эки жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустуктан түшүрүп алып, чатырдын жээгинен кайра алганга үлгүргөн. Ошол эле учурда ал жак бийик болгондуктан секирип кетүүгө такыр мүмкүн эмес. Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда кыз ал жактан секирип качып кетүү оюнда да жок экендигин билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.