Бишкекте 25-марттан 1-апрелге чейин коменданттык саатты бузган 1 миң 76 адам кармалды, — Алмаз Орозалиев

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 13:56
0 ой-пикир

Бишкекте өзгөчө абал киргизилген күндөн – 25-марттан тарта 1-апрелге чейин коменданттык саатты бузган 1 миң 76 адам кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, кармалгандардын 931и эркек, калган 145и аял кишилер.

«Бишкек шаарынын аймагында 32 блокпост жана 76 карантиндик-санитардык көчмө пост коюлган. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 3 миңден ашык милиция жана аскер кызматкерлери карап жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.