Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда коронавирус менен ооруган эки адам бүгүн, 1-апрелде айыгып, үйүнө чыгышты. Бул тууралуу Elgezit.kg порталына Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
— Ооруканадан бүгүн чыгышты. Аял жана эркек умрадан, Арабиядан келишкен, — деди ал.