Өзгөчө абал: Бишкектеги райондук штабдардын жаңы номерлери

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 08:33
1 ой-пикир

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Бишкекте өзгөчө абал режими күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирет.

Бишкекте күнү-түнү дарыгерлер, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери иштешүүдө.

«Көптөгөн кайдыгер эмес жарандар колдоолорун билдирүүдө, борбор калаага жардам берүүгө аракет кылууда. Алардын бири – «Итар» коомдук кайрымдуулук фонду. Алар дээрлик 20 жылдан бери муктаждыгы бар жарандарга жардам берип келет. Бүгүн борбор калаанын муниципалитети аталган фонд менен бирге шаардагы блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине тамак жеткиришти. Андан кийин фонддун өкүлдөрү дарыгерлерге тамак жеткирүүгө кетишти», — деп билдирет шаар мэриясы.

Ошондой эле, фонд жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айына 8 млн сом жөлөкпул түрүндө материалдык жардам көрсөтүп келет.

Мэриядан билдиришкендей, жардам алуу боюнча чалуулар көп болгондуктан райондук штабдын номерлери көбөйтүлдү:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Өзгөчө абал: Бишкектеги райондук штабдардын жаңы номерлери” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Рахат 0755004747

    Саламатсыздарбы! Аллахым ыраазы болсун сиздердин фондко! Мен сиздерден суранаарым Военно-Антоновкада жашаган эжем Салиева Динарага жардам беруунуздорду СУРАНАМ!!! Анткени анын 3баласы бар,кичине. Азык тулук жагынан кыйналып жатат. Ишиниздерге ийгилик каалайм!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.