Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Резюме

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 22:35
1 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Резюме

Сабыржан Абдикаримов 1959-жылы 20-мартта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган.

1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда санитардык дарыгер адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1981-1987 — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык дарыгери;
  • 1987-1997 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында дарыгер-инспектор, жетекчинин орун басары, жетекчи;
  • 1997-2007 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
  • 2007- 2010 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мамлекеттик башкы санитардык дарыгердин орун басары;
  • 2010 — Убактылуу өкмөттүн тушунда саламаттык сактоо министри;
  • 2011-2012 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мамлекеттик башкы санитардык дарыгердин орун басары;
  • 2012-2013 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору.

Соңку учурда Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

«Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. «Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси» чини бар.

Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер.

Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Резюме” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.