MegaCom мугалимдерди акысыз байланыш жана интернет менен камсыздайт

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 09:16
1 ой-пикир

Өзгөчө абал кырдаалында мугалимдерди колдоо максатында MegaCom компаниясы аларды акысыз байланыш жана интернет менен камсыздайт.

Мугалимдердин ар дайым байланышта болуусун камсыздаган жана аларга бир катар жеңилдиктерди түзүп бере турган уникалдуу шарттар иштелип чыкты. Шарттардыг тартибин толук келтиребиз.

“2020-жылдын 8-апрелинен тарта төртүнчу чейректин программасын окутуу дистанттык форматта жүргүзүлөт.

Аралыктан билим берүү төмөндөгүдөй жолдор ишке ашырылат:

1-класстан 4-класска чейин: «Баластан» (КТРК) телеканалындагы видеосабактар боюнча;

5-класстан 11 -класска чейин: «Санат», «Пирамида», «5- канал»,
«Билим Илим» ЭлТР телеканалдарындагы видеосабактар боюнча;

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин oku.edu.gov.kg жаңы окуу порталы аркылуу;

MEGA24 тиркемеси аркылуу (Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алуу жеткиликтүү).

Азыркы учурда төртүнчү чейректин программасы боюнча видеоконтент тартылып жатат жана даяр болгон материал аталган министрликтин интернет-порталдарында, жана MEGA24 тиркемесинде жайгаштырылмакчы.

MEGA24 тиркемесиндеги окутуу боюнча материалдарды нөлдүк баланс абалында да колдонууга болот!

Акысыз интернет-сайттардын тизмеси:

oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg.

MegaCom мобилдик оператору тарабынан, аралыктан окутууну колдоо максатында, мекенибиздин жалпы аймагы боюнча орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине акысыз SIM-карталар бериле баштайт.

Тарифке кантип кошулууга болот?

Мектеп директорлорунун сурамы боюнча «Мугалим 150» атайын акциялык тарифин 60 күнгө кошууга табыштаманы тариздөө үчүн мугалимдердин тизмеси тузүлөт. Буга чейин MegaCom байланыш кызматтарын колдонуп келген абоненттердин ( мугалимдердин ) номерлерине (тизмеде көрсөтүлгөн) акысыз тариф аралыктан кошулат. Кимде MegaCom түйүнүнүн номери жок болсо, ага эки айлык мөөнөткө акысыз байланышы жана мобилдик интернети менен акысыз SIM-карталар берилет.

Республикабыздын мугалимдерин жана мектеп окуучуларын MegaCom байланышына кошууда «Мугалим» кошумча топтому да каралган:

Интернет-трафиктин көлөмү – 60 Гб;

Түйүн ичинде чыккан чалуулар – акысыз;

Түйүндөн тышкары чыккан чалуулар – акысыз;

Акысыз жетки алуу: WhatsApp, КРдин билим берүү мүнөзүндөгү бардык ресурстары, MEGA24 тиркемеси;

Топтомдун аракет мөөнөтү – 60 күн.

Акциялык тарифти жана акысыз топтомду колдонуу шарттары тууралуу маалымат алуу учүн төмөндөгү номерлерге чалууга болот:

Бишкек ш. − 0555 905 501;

Баткен обл. − 0555 505 016;

Жалал-Абад обл. − 0555 505 303;

Ысык-Көл обл. − 0555 505 767;

Нарын обл. − 0555 505 092;

Ош обл. − 0555 905 568;

Талас обл. − 0555 505 079;

Чүй обл. (Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондору) −0555 905 080;

Чүй обл. (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору) − 0555 505 610.

Маанилүү! «Аралыктан билим берүү» долбоорунун алкагында түйунгө кошулган абоненттер 2020 -жылдын күз айларында − жаңы окуу жылы башталганда уюлдук оператордун «Санарип мектеп» долбоорунун «Электрондук журнал» жана «Электрондук күндөлүк» системаларына кошулат.

MegaCom мугалимдерди акысыз байланыш жана интернет менен камсыздайт” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.